Спорт
Добр
Popularity · Low
YouTube
Searching YouTube...
Lyrics
Кыраан элдин күчтүү Кыргыз жигиттери алдыга
Коло медаль күмүш менен жада калса алтын бар
Желбиреген кыргыз желегине бийик жарашат
Спортчуларды ошондуктан колдогула жакшыраак
Дайым кыргыз улут өзү бийик койгон намысын
Кыргызымда күрөш чыккан балбандардын алышы
Биз элимдин үмүтүбүз баштаган соң таштаба
Муну эреже түрүндө бек ичине сактап ал
Угуп жаткан бул ырымды спортчуларга арнагам
Жигиттерге кыргызымдын намысын бек сактаган
Чеберине спорт түрүнүнн ары көздөй жогору
Дагы бийиктерге жетип ийгиликте бололу
Ошондуктан өжөрүндү элин үчүн аяба
Биз силерге ишенерибизди билип алгыла
Талыкпагандар күнүгө өсүп келе жаткандар
Тын жигиттер бар болгула бар болгула баарынар
Күнү түнү спортчу бала тер агыза машыккан
Күнү түнү эр азамат алды көздөй ашыккан
Чыгаан жигит чап аянба алга жигит алдыга
Тур ордунан кыраан жигит кылаар ишиң алдыда
Бийик бийик көктү көздөй көтөрүлгөн байрак
Кызыл эмгек кырман терин менен чыгат майнап
Женип чыгып мына бүгүн чыкты ал финалга
Азаматсын эр Азамат кыраан кыргыз алга
Кырызымдын кыраан күчтүү жигиттери алдыга
Элиң үчүн жерин үчүн намысыңды алдырба
Сенүмүтсүн эл ишенген баары сенин колунда
Ат арыта алтын медальды аса кел бооруңа
Ылайым сени оо жараткан Алла таалам колдосун
Тике кара,бийик көтө башын жерге конбосун
Тырыш баары өз колунда от күйгөндө жалындайт
Эске алып, эч унутпа күч атасын тааныбайт
Күнү түнү спортчу бала тер агыза машыккан
Күнү түнү эр азамат алды көздөй ашыккан
Чыгаан жигит чап аянба алга жигит алдыга
Тур ордунан кыраан жигит кылаар ишиң алдыда
Өзгөлөрдөн жеңип көкөлөтүп кыргыз желегин
Терең урматтаган эли баалап келет эмгегин
Ушунундан жазба эми өркүндөй бер өсө бер
Сени көрүп үлгү алган жигиттерге эргүү бер
Өз тилеген максатыңа жетемин деп ашыккан
Талыкпай иштеген бала тын өжөр башынан
Эмне дебе спорт дегенде, жанын берчү жашынан
Мына бүгүн жеткен ийгилиги анын кашыктап
Сен керексиң эл жерине алгалай бер Чемпион
Спорт чеберинин чебери бол ар дайым Патриот
Сендей жигиттер алдыда өсүп келе жаткандар
Тың жигиттер бар болгула бар болгула баарынар
Күнү түнү спортчу бала тер агыза машыккан
Күнү түнү эр азамат алды көздөй ашыккан
Чыгаан жигит чап аянба алга жигит алдыга
Тур ордунан кыраан жигит кылаар ишиң алдыда